2024-жылдын 21- февралында Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен райондук «Манас таануу интеллектуалдык таймашы» конкурсу болуп өттү. Конкурста С.М. Киров мектеп- гимназиясынын 7-классынын окуучулары Эгембердиев Дастан, Болотбеков Улан, Кадырбеков Даниел, Асанакунов Нурисламдан турган «Кыраан» тобу 39 топтун ичинен 1-орунду багындырып, жеңишке ээ болушту. Топту даярдаган кыргыз тили жана адабияты мугалими Таалайбек кызы Алина.
Комментарии