5-март — Ак калпак күнү.
2024-жылдын 5-март күнү С.Киров мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият метод бирикменин мугалимдер коллективи Ак калпак күнүнө карата өсүп келе жаткан жаш муундарга ак кар баскан Ала-Тоонун чокуларын чагылдырган улуттук баш кийимибиз ак калпагы менен ар дайым бийик экенин даңазалап, баалуулугун, бийик касиетин кадырлап, кыргыздын жигиттери башынан түшүрбөй кийип жүрсүн деген максатта класстык сааттарды өтүштү.
Ак карлуу Ала-Тоодон элес берген
Кыргызым ак калпакты барктап келген
Төрт талаа, оймолору, чачыктары
Турмушунан кыргыз элдин кабар берген.
Ак калпак улут үчүн сыймык болсун
Ар убак ардакталып төрдө болсун
Ак карлуу Ала-Тоону мекендеген
Ак калпак кыргыз элим аман болсун!
Комментарии